www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коргоо министрлигинде жаңы дайындоолор болду. Тизме

Коргоо министрлигинде президент Садыр Жапаровдун буйруктары менен бир нече дайындоолор болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Дайындоолор:

Нурлан Кирешеев — коргоо министринин биринчи орун басары. Буга чейин ал КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчисинин биринчи орун басары болгон (аскердик реформага чейин);

Алмазбек Карасартов — коргоо министринин орун басары;

Эрлис Тердикбаев — КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси, буга чейин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси;

Руслан Мукамбетов — Коргоо министрлигинин түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын кол башчысы;

Мындан сырткары, президенттин кол койгон буйругуна ылайык, Нурлан Чомоев КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости