www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүн тартипке салып, ар бир адамдын жүрөгүнүн үшүн алган коронавирус инфекциясы 18 мамлекетке тарай элек. Бул тууралуу Жонс Хопкинс атындагы Америка университетинин маалымат борбору жазып чыкты.

Төмөндөгү мамлекеттерге коронавирус илдети аныкталбаган. Алар:

Вануату, Яман, Кирибати, Түндүк Корея, Комор, Лесото, Маршалл аралы, Микронезия, Науру, Палау, Самоа, Сао Томе жана Принсипи, Сулайман аралы, Тажикистан, Тонга, Түркмөнстан, Тувалу  Түштүк Судан. Бул өлкөлөрдө оору али аныктала элек болсо дагы, керектүү чаралар көрүлүүдө. Марттын аягында Түндүк Кореянын расмий өкүлдөрү коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө эл аралык жардам сурап кайрылышкан.

Адистердин айтымында, айрым өлкөлөрдө коронавирус инфекциясы жөнүндө кабарлоо мүмкүн эмес. Куралдуу кагылышуулардан улам Йемен сыяктуу бир катар башка өлкөлөрдүн статистикасын чогултуу кыйын. Кээ бир башка өлкөлөрдө, мисалы Түркмөнстанда жана Түндүк Кореяда саясий системага ылайык маалымат такыр берилбейт.

Ошондой эле, айрым өлкөлөрдүн көпчүлүгү тышкы дүйнө менен байланыштары чектелүү кичинекей мамлекеттер. Алардын көпчүлүгүнө адамдар эч качан барышкан эмес. Андыктан бул аралда чет өлкөдөн келген илдетке чалдыгуу коркунучу жок.

Эске сала кетсек, коронавирус Борбор Азиянын 3 мамлекетинде, анын ичинде Казакстанда, Өзбекстанда жана Кыргызстанда катталган. Бул өлкөлөрдүн бары аталган илдет тууралуу маалыматты саат сайын берип турат.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө 111 9109 адамга коронавирус жуккан. Алардын ичинен 58 955 кайтыш болуп, 226 873 аталган оорудан сакайып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости