www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Федералдык прокуратурасы алгач ирет футбол тармагына жооп берген мурдагы жетекчилерди Орусия менен Катардан пара алган деп айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Айыптоо корутундусунда Тринидад менен Тобагонун жараны, Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) мурдагы вице-президенти Жек Уорнер бир нече компаниялар аркылуу Орусиядан 5 миллион доллар алганы белгиленет. Акчанын бир бөлүгүн чемпионатка даярдануу учурунда Орусиянын кызыкчылыгын коргогон америкалык фирмалар төлөп беришкен.

Ал эми ФИФАнын аткаруу комитетинин мурдагы мүчөсү, гватемалалык Рафаэл Сальгеро Орусиянын пайдасына берген добушу үчүн миллион доллар алганы айтылат.

Андан тышкары башка да ошондогу футбол аткаминерлери, аргентиналык Хулио Грондоне, парагвайлык Николас Леос жана бразилиялык Рикардо Тейшейра Катардан пара алган деп айыпталган.

Добуш берүү 2010-жылы уюштурулган. Анда Орусия Англия, Нидерланды-Белгия жана Испания-Португалияны утуп, 2018-жылы дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүүгө укук алган. 2022-жылкы эстафетаны уткан Катарга АКШ атаандаш болгон.

Жыйынтык дароо эле шек саноо жараткан. ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер баштаган добуш берүүчүлөрдүн жарымынан көбүнө түрдүү дооматтар айтылган. ФИФАнын иликтөөсүнөн кийин Блаттер кызматынан алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости