www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтымчы Света  Тойгонбаева менен байланышып, 2020-жыл тууралуу маек алдык.

 -Дарттын дабасын топ-топ болуп издеп, өз ара изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Кандай кылсак жеңебиз деп жанталашып, түрдүү изилдөөлөрдү жасап жатышат. Кыргызстанда эмес, чет жакта жүргөн эки жигит,  бир кыз табат. Ошолор тапкан дары даба болот.

“Коронавирусту жеңүүгө салым кошкондордун зоболосу бийиктейт”

 -Коронавирусту жеңүүгө салым кошуп, каражатын аябагандардын жылдызы жанат. Ал турсун “саясаттан кеттим” деп жарыялагандардын да кайра саясатка келишине шарт түзүлөт. Раим Матраимовдун жардамы ушуну менен эле бүтүп калбайт. Кыргызстанга дагы үч жардам берет деген аян түштү. Бири заманбап клиниканын курулушу куруп атканы көрүндү. Экөөсүн азырынча сыр кылып турайын.  Бабанов да саясатка келип, элине жардам берет. Кыскасы, элге жардам берип жаткан азаматтарды кудай колдойт. Зоболосу бийиктейт. Асылбек Жээнбеков да четте карап турбайт. Ал да колунан келген жардамын кылат. Пирматов да кол-кабыш кыла баштаганы көрүнүп турат. Ташиевдин жолу ачылды. Буюрса, мындан ары эл колдойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости