www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус 70 өлкөдөгү согушту токтотту

Дүйнө жүзү боюнча 70 өлкө БУУнун чакырыгына макул болуп, согуш аракеттерин токтотту. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш виртуалдуу маалымат жыйынында билдирди.

Жыйында Сирияда да согуш токтоп, ал жакта коронавирус илдетинен бир киши каза болгондугу айтылды. 

"Жөнөкөй жарандарга жардам берүү үчүн бүткүл Араб өлкөлөрүндө согуш аракеттерин токтотуу керек",-деп кабарлаган Гутерриш.

Ливия дагы чакырыкка кошулуп, согуш аракеттерин токтоткон болсо, Триполиде алар, тескерисинче, күч алганын Евросоюздун эл аралык саясатынын башчысы Жозел Боррель маалымдаган.

Эске сала кетсек, дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 536 миң 979 адам коронавирусту жуктуруп алса, 93 миң 425 адам көз жумган.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости