www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын депутаты Турсунбай Бакир уулу ак халатчандарга ыраазычылык билдирди. 

--Ооба, бүгүн медиктерге ыраазычылыгыбызды катардагы жарандан баштап мамлекеттин башчысына чейин бардыгыбыз айтып жатабыз. Бул туура жана мыйзам ченемдүү нерсе!

Коронавирус кирип келгенге чейин эле, чоң саясатта 25 жыл болсом, ошончо жылдан бери эки кесипти жогору баалаган, терең урматтаган болсом, ошонун бириси - ак халатчандардын эмгеги жана кесиби деп коомчулукка жана журналисттерге айтып гана келбей, алардын - дарыгерден баштап санитаркага чейин - эмгек маянасын жогорулатууну Өкмөттөн, Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты катары да, өлөбүздүн тунгуч Акыйкатчысы (Омбудсмени) катары да талап кылчумун жана саламаттык сактоо чөйрөсүнө байланыштуу бир нече мыйзамдардын автору же тең автору да боломун. 

Мына бүгүн коронавирус ак халатчандардын эмгегинин маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктап койду! Медиктердин эмгегин, статусун мамлекет жогорку даражада колдоп жүрсө, ошол мамлекетте жашап жаткан элдин да саламатчылыгы жогору даражада болушуна эч кандай шек калбады.

Бүгүн беткапсыз жүргөндөрдү көрбөй да калдык: жөнөкөй адамдан баштап Жогорку Кеңештин жана Өкмөт мүчөлөрүнө жана төрагаларына чейин баары беткапчан. Бул туура нерсе: бир гана өзүбүздү эле эмес, айланабыздагы адамдарды да илдеттен сактап жүрүшүбүз абзел. 

Бирок Президент менен саламаттыкты сактоо министринин жолугушуусун кечээ жанылыктардан көрүп, катуу таң калдым: президенттен бөлөк бардыгында - министрде да, Президенттик аппараттын эки жоопкердүү кызматкерлеринде да беткап тагылуу, а Президент беткапсыз алар менен жолугуп жатат! 

Президент - өлөбүздө мамлекеттик кызматтын эң чокусунда олтурат, анын коопсуздугун камсыз кыла турган атайын кызматтар бар. Эмне үчүн пандемия учурунда алар мамлекеттин башчысынын коопсуздугун камсыз кыла албай жүрүшөт?! Бул нерсени телеканалдардан бир гана мен эмес, а миллиондогон адамдар көрүштү!, - дейт Турсунбай Бакир уулу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости