www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузакта карантинге алынган үч айылда 10 миңден ашык адам жашайт. Бул тууралуу райондун акими Эрмек Омошев маалымдады.
Анын билдиргенине караганда, өзгөчө карантинге алынган Бостон, Благовещенка жана Орто-Азия айылдарындагы 2200 чукул кожолукта 10436 адам жашайт.
“Блок посттор менен курчалган айылга эч ким кирип чыкпай жатат. Оорулууларды жана боюнда бар келиндерди унаалар менен постко чейин алып келишип, ушул жерде дарыгерлер көзөмөлдөп жатат. Ал эми азык- түлүк жагынан зарыл болгон учурда айылдардагы дүкөндөргө жеткирип беребиз. Кырдал көзөмөлдө жана тургундар түшүнүү менен кабыл алып жатат. Бүгүндөн тартып айылдар толугу менен дезинфекцияланып жатат.” – деди Омошев.
Эске сала кетсек кечээ, 18-мартта Кыргызстандын аймагында коронавирустун биринчи учуру катталды. Анда 13-март күнү Умра сапарынан келген 3 жаранда коронавируска шек жаралып, дене табы түшпөй жаткан. Тесттин жыйынтыгында алардын коронавирус жуктурганы аныкталды. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканасында жатышат.
Булак: NazarNews.kg