www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузак районундагы коронавирус менен ооругандардын үйлөрү жана көчөлөрү дезинфекцияланып жатат. Бул тууралуу Коронавирус боюнча республикалык штабдан маалымдашты.
Белгилүү болгондой дезинфекция иштери үч айылда: Благовещенка, Бостон, Орто-Сайда жүрүп жатат.
“Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев иш алып барууда. Дезинфекциялоодо колдонулуп жаткан каражаттар адамдарга жана үй жаныбарларына карата зыяндуулугу жок”,-деп штабдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске сала кетсек, бүгүн, 19-мартка карата коронавирус катталган Сузак районунда айыл тургундарына азык-түлүк, медициналык бет каптар бекер таратылып жатат. Бул тууралуу Сузак районунун акими Эрмек Омошев билдирип, бет каптар 6 сомдон сатылышы да пландалып жатканын маалымдаган.
Коомдук активисттер дагы элди ынтымакка чакырып, колунан келген жардамдарды сунушташууда.
Булак: NazarNews.kg