www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус бир суткада 11 адамдын өмүрүн алды

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19дан 1 289 адам сакайып, 1 287 киши оору жуктуруп алды. Тилекке каршы, 11 адам кайтыш болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Айыккандар, пневмонияны эске алганда:

Бишкек — 856;

Ош шаары — 89;

Чүй облусу — 158;

Ош облусу — 20;

Талас облусу — 6;

Нарын облусу — 3;

Ысык-Көл облусу — 3;

Жалал-Абад облусу — 56;

Баткен облусу — 98.

Жалпы 126 450 бейтап сакайган.

Жуктургандар:

Бишкек — 917;

Ош шаары — 19;

Чүй облусу — 96;

Ош облусу — 11;

Талас облусу — 20;

Нарын облусу — 11;

Ысык-Көл облусу — 48;

Жалал-Абад облусу — 48;

Баткен облусу — 117.

Пандемиядан бери расмий түрдө 150 316 адамдан оору чыкты. Акыркы бир сутка ичинде 11 киши каза болду. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Ысык-Көлдө жана Ош шаарында, Чүй, Талас облустарында бирден бейтап дарыланып жаткан. Коронавирус ушуну менен 2 186 кишинин өмүрүн алды.

Учурда стационарда 4 704 бейтап дарыланууда. Алардын 46сы канааттандырарлык, 3 033ү орто, 1 430у оор, ал эми 195и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда болсо 15 753 бейтап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости