www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы сутка ичинде суусундук чыгарган ири компаниянын соода агентинде иштеген кызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда жергиликтүү ЖМКлардын бири жеке булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, анын каяка барганы, ким менен байланышта болгонун текшергенде, ал эч жакка барган эместиги ачыкталган. Андыктан, инфекциянын жугуу себеби белгисиз.

Ошондой эле, борбор калаады жашаган Аламүдүн райондук сотунун кызматкеринен коронавирус аныкталды. Ал өзүндө коронавирустун клиникалык белгилери пайда болгондон кийин да бир нече күн жумушуна барып жүрө берген.

Акыркы бир күн ичинде, COVID-19 жеке компаниянын техникалык адисинде дагы аныкталды. Анын айтымы боюнча, ал карантинде болгон жана ошол убакта үйүнөн бир гана азык-түлүк алганы гана сыртка чыгып турган.

Эки жума мурун жеке фирманын кампачысынан (кладовщик) да коронавирус табылган. Анын дагы ооруну жуктурганын себеби белгисиз.

ДСУнун маалыматы боюнча, бейтаптардын 75-85%  коронавирусту үй-бүлөлөрүндө жуктурган. Ошондуктан адамдар жеке гигиена эрежелерин сактап, профилактикага киришкенге чейин, COVID-19дун таралышы улана берет.

Булак: NazarNews.org

Последние новости