www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-май күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча онлайн брифинг берип жатып, төмөнкүлөргө токтолду.

"Нарын облусунда жалпы 242 адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын арасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен барган, башка мекемелерден жардамга барган эпидемиологиялык кызматкерлер да бар. Ал жакта көпчүлүк бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, аралыкты сактабай жатышат.

Ак-Талаадагы коронавирус илдетин жуктурган 18 адамды иликтеп келгенде, облустук төрөтканадан чыккан 2 келинден жукканы маалым болду. Алардын жакын туугандарынан 1-катардагы байланыштан 11 адамдан вирус аныкталган, экинчи катардагы байланышкан топтон 6 адамдан чыгып жатат. Азыр бардык окуя боюнча эпидемиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди Үсөнбаев.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости