www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус Түштүк Кореянын Тэгу шаарынан жайылып башталган. Анда сектанын мүчөлөрү вирусту өз ырым-жырымдарын жасап жатып бири-бирине жуктуруп алган.

Сеулдун бийлиги "Храм скинии свидетельства Шинь-чонджи" сектасынын 12 лидерине каршы прокуратурага арыз жазды. Алар Түштүк Кореяда коронавирусту атайылап жайылткан деп айыпталып жатышат. Бул тууралуу ВВС жазды.

Коронавирус Түштүк Кореянын Тэгу шаарынан жайылып башталган. Анда сектанын мүчөлөрү өз ырым-жырымдарын жасап жатып бири-бирине вирусту жуктуруп алган. Мындан улам коронавирус өлкө аймагына жайылып кеткен. Сектанын кээ бир мүчөлөрүнүн январь айында Кытайдын Ухань шаарына барып келгени аныкталды.

Коронавирустан дүйнөдө каза болгондордун саны 2979 жетсе, жуктуруп алгандардын жалпы саны 86 миңден ашты.

Маалыматка караганда, дүйнөдө кеминде 2979 адам каза тапса, анын ичинен жүздөн ашыгы башка өлкөлөрдө, калганы Кытайда көз жумган.

Кытайдын Ухань шаарында жайылган бул илдет 63 мамлекетти кучагына алган. Алардын ичинен эң көп жабыркагандар Иран, Италия, Жапония жана Түштүк Корея болууда.

Иранда каза тапкандардын саны 54кө жетти деп расмий кабарланууда. Бирок эксперттер бул чыныгы көрсөткүчтөн алдаганча аз болушу мүмкүндүгүн, бийлик чыныгы абалды жашырып жатышы ыктымалдыгын белгилешүүдө.

Британияда 23 адам вирус жуктуруп алганы ырасталган. Өлкө бийлиги пенсияга чыккан медиктерди кайра ишке тартышы мүмкүндүгү кабарланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости