www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Ленинград облусунун тургуну эки жаштагы кызын муунтуп, өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, окуя 29-февралда Тихвин шаарында болгон. 24 жаштагы шектүү мас абалында кызын жерге жыгытып, моюнун буту менен баскан. Ага кичинекей кыздын чоң атасы тоскоолдык кылып, энеси кызын өлтүрө албай калган. ал мас абалдагы кызын түртүп небересин сактап калган. 

Андан кийин кызды ооруканага алып кетишкен. Анын абалы туруктуу. Учурда кыз атасына берилди. Атасы энеси менен ажырашып, өзүнчө жашайт.

“Шектүү кармалды. Жакынкы арада ага күнөө коюлат. Анын баш коргоо чара маселеси каралып жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган аялга “Киши өлтүрүүгө аракет кылган” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости