www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 19 жаштагы кыз 10-кабаттан секирип, мерт кетти

Бишкекте Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 10-кабатынан 19 жаштагы кыз боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиршти.

Маалыматка таянсак, окуя  1-мартта түнкү  саат 01.00  болгон. Бул тууралуу  Биринчи Май райондук ИИБнын нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барган учурда 2001-жылы туулган С.В аттуу кыз 10 кабаттын балконунан секирип кеткен. Келген тез жардам унаасынын дарыгерлери кыз алган жаракатынан улам каза болгонун айтышкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү рейстрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости