www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандагы пахта терүү иштерине өлкөдөгү дээрлик бардык жарандар катышуусу зарыл. Бирок өлкөнүн көпчүлүк жарандары окуудан же иштен кийин гана кол кабыш кыла алышат. Жумушчуларды көбөйтүү үчүн Өзбекстандын бийлиги укук бузуучуларды- наркомандарды, спирттик ичимдик ичкендерди жана дебоширлерди пайдаланышат. Пахта терүүчүлөрдүн категориясына өз денесин саткан аялдар менен да толукталган. Бул тууралуу ВЕРСИЯ жазды.

Тиешелүү органдардын айтымында жеңил ойлууларды эмгек менен талаа иштери гана тарбиялай алат. Мамлекеттин Олот жана Каракөл районунун аймактык милицияларынын маалыматына таянсак, өз денесин саткандар "адам соодасына каршы күрөш" бөлүмүндө каттоодо турушуп, керектүү учурда талаа иштерине тартылат. Милиция кызматкерлеринин айтымында көпчүлүк аялдар өз ыктыяры менен  талаа иштерине жардам беришет.

Эгер сойкулар талаа иштерине катышуудан баш тартышса, аларга карата кылмыш иши ачылып, жоопкерчиликке тартылат.

Аймактык ар бир милиция  пахта терүүгө 50дөн адам алып чыгууга тийиш деген эреже бар. Өзбекстандын ИИМи мындай чара реалдуу жана аларды жаман жолдон кайтууга көмөктөшөт деген пикирде. Алардын мындай иш аракетин аталган райондордун тургундары да колдоого алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости