www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-февралында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн диний экстремисттик топтордун жашыруун иштерин токтотуу багытындагы иш- чаралардын учурунда «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү, КР жарандары 1993-ж.т. К.Э.М., 1995-ж.т. О.у.Ш, жана чектеш мамлекеттин жараны 1986-ж.т. Ю.Р.О. кармалышты.

Жашаган жерин тинтүүдө диний адабияттар, аудио жана видео аппаратуралары табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.

Бул факт боюнча материалдар КР Кылмы-жаза кодексинин 313-(Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты(араздашууну) козутуу) жана 315-(Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) беренелери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адамдар УКМК Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

"Хизбут-Тахрир аль-Ислами" диний экстремисттик тобу, 2003- жылдын 20-августунда КР Жогорку сотунун токтомуна ылайык экстремистик деп табылып, КР аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости