www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндө митингде талап коюлду

Сапыр Жапаровдун боштондугун талап кылып чыккан митингде  өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндө талап коюлду.  Мунун менен катар конституциялык реформа жүргүзүү боюнча да талап коюлду.Бул тууралуу митингде сүйлөгөн Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев билдирди.

Чолпонбаева буларга токтолду «өлкөдөгү бир катар кемчиликтерди жоюш үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү жана өкмөттү кызматтан кетирүү зарыл. Конституциялык реформаны бүгүн жасабаса, эртең кеч болуп калат», - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, ушул тапта Ала-Тоо аянтында өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген 5 миңге жакын адам Садыр Жапаровдун боштондукка чыгышын талап кылып нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат.

Эске сала кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

 Булак:NazarNews.kg
 

Последние новости