www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөнү кооптуу абалга алып келген коронавирустан 50 миң 675 адам сакайды. Бул тууралуу окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан онлайн-карта тастыктаган.
Коронавирустан жабыркагандардын саны 93 миң 126 адамга жетти. Ал эми соңку эки сутканын көрсөткүчү боюнча, жуктургандардын саны 2 миң 212 адамга өсүп, көз жумгандардын саны 3 миң 198ге жетти.
Вирус пайда болгон Хубэй провинциясында 67 миң 332 адам вирус менен күрөшүп жаткан болсо, 2 миң 871 адам көз жумуп, 38 миң 556 адам вирусту жеңди.
Вирус 80 мамлекетте катталды. Ооругандардын саны Түштүк Кореяда — 5 миң 328, Италияда 2 миң 502, Иранда 2 миң 336, Японияда 293, Францияда 204, ал эми Германияда 196 адам.
Бул кырдаалга ылайык дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аталган вирустун таралышы боюнча абалдын курч экендигин жарыялады.
Булак: NazarNews.kg