www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Согуштун ардагерлерине бир жолку жардам катары 75 миң сомдон берилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге таянсак, ар бир ардагерге бир жолку төлөнүүчү акчалай жөлөк пул катары 75 миң сомдон бөлүнөт. Бул чечимге президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Муну менен катар, 2010-жылдан бери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын 7000 сомдон акчалай компенсация, президенттин өмүр бою берилчү 10 000 сом өлчөмүндөгү стипендиясы берилип келет. Мындан тышкары ай сайын пенсия алып турушаарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, учурда өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери жашайт. Алардын ичинен 65и — согуштун майыптары, 153ү — согуштун катышуучулары, 15и — экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлерде, мажбурлап кармоо жайларында жашы жетелек кезинде туткун болгон адамдар. 18и — 1941-1944-жылга чейин Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, ак эмгеги үчүн сыйланган адамдар.
Булак:NazarNews.kg