www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-мартта Германиянын канцлери Ангела Меркель үй карантинге чыкты. Өкмөттүн расмий өкүлү Штеффен Зайберттин айтымында, канцлер аны эмдеген дарыгерден коронавирус табылганын билгенден кийин ушундай чечим кабыл алган. Ал өз милдетин карантинде аткара берет. 

Белгилей кетсек, Германияда жарандардын өлкө ичинде ары-бери жүрүшүнө чектөө киргизилген. Сыртка чыгууга да убактылуу тыюу салынган.

Өлкө аймагындагы тамак-аш саткан дүкөндөрдөн, дарыканалардан башка соода, тамактануучу жана оюн-зоок жайлары жабылды. Ошондой эле мектептер, университеттер, спорт клубдары жана башка жайлар да убактылуу иштебейт.

Германия, эпидемиянын себебинен Түркия менен качкындарды кабыл алуу программасын (үчүнчү өлкөгө жайгаштыруу) убактылуу токтотту.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Герменияда коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 24852 кишиге жетти. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны - 2488 киши.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости