www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны иштеп чыгууга жана аны сыноого бир жылдан кем эмес убакыт кетет. Кыргызстандын коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штабы билдирди.
“Даярдалган вакцина менен миллиарддаган адамдар эмделет, ал толугу менен коопсуз жана эч кимге зыян алып келбеши керек”, – деп айтылат маалыматта.
Республикалык штаб Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Майкл Райандын сөзүн келтирген.
“Дүйнөдө азыр коронавируска каршы 20дан ашык вакцина даярдалып жатат. Анын ичинде америкалык вакцина сыноодон өткөрүлүүдө. Жакын арада адистер нуклеин кислотасынын негизинде жасалган бир нече дары-дармекти да сыноодон өткөрө башташат”, - деди Майкл Райан.
Белгилей кетсек, дүйнө жүзүндө COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 330 миң кишиге жетти. 14 миңден ашуун адам көз жумду. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, илдетке чалдыккандардын 97 миңдейи айыгып чыкты.
Булак: NazarNews.kg