www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
130дан ашуун кыргызстандык туристтер Египеттен жана Таиланддан Бишкекке келишти. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Белгилүү болгондой, ТИМ менен Кыргызстандын туроператорлору казак тараптын колдоосу менен Шарм-эль-Шейхтен (Египет) 126, ал эми Бангкоктон (Таиланддан) 11 туристти алып келди.
“Кыргызстандыктар Алматы эл аралык аэропортуна келип түшкөндөн кийин КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосу менен атайын унаада Бишкекке келип түшүштү. Азыркы учурда алар тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүү үчүн медициналык мекемелерге жайгаштырылды”,-деп айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, КРнын жарандары коронавирустан улам аба чек аралары жабылгандыктан, өлкөгө кире албай жаткандыгын айтып даттанышкан эле.
Бүгүнкү күндө «Аэрофлот», «Авиа траффик», «Сибирь» жана «Уральские авиалинии» аба каттамдарынын жүргүнчүлөрүнүн Кыргызстанга учуп келүү мүмүкүнчүлүгү бар.
Азыркы учурда өлкөбүздө аталган илдет менен 14 киши катталган.
Булак: NazarNews.kg