www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүнүн жарандары кырдаалды түшүнбөй элементардык гигиеналык эрежелерди сактабай жатат. Бул тууралуу бүгүн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

"Биздин жарандар изоляциянын эрежелерин толук түрдө сактабай жатышат. Андыктан дагы бир жолу аларга кайрылып кетет элем. Коомдук тамактануу жайлардын тамактанбай, туугандардыкына барбай, колдон келишинче үйдө отурганга аракет кылгыла. Бири-бири менен кол алышып учурашпоо, колду бат-баттан самын менен жакшылап жууп туруу. Дүкөнгө үй-бүлөнүн бир гана мүчөсү баруу керек", - дейт Акматова.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 учур бойдон калууда. 14 адамдын бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.  

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев вирус жуктургандардын баары сырттан келгендигин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости