www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-мартта Юнисеф COVID-19 вирусунун  жайылышы тууралуу билдирүү таратты.

"COVID-19 вирусун пандемия деп жарыялоо коронавирус адамдын өмүрүнө чоң коркунуч жаратып, мурдагыдан да өтө кооптуу болуп калды дегенди билдирбейт.

Пандемия деп жарыялоо – бул вирустун географиялык жактан жайылышы кеңейгенин таануу.

Вирус каалаган өлкөдө же жамаатта балдардын жана үй-бүлөлөрдүн арасында жайылышы ыктымал экенин билип, ЮНИСЕФ дүйнө жүзү боюнча COVID-19 эпидемиясына даярдануу жана реакция жасоо багытында иш алып барууда. Биз вирустун жайылышын токтотуп, балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана өнөктөштөрүбүз менен ишибизди уланта беребиз. Ошол эле маалда биз вирустун кесепеттерине жана эпидемия менен күрөш үчүн көрүлүп жаткан чараларга мурдагыдай эле тынсыздануудабыз. Бийлик көрүп жаткан чаралар балдардын бакубатчылыгына таасирин тийгизүүдө, себеби мектептер жабылууда. Ошондой эле баштапкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча жергиликтүү саламаттык сактоо системаларына да оорчулук келүүдө. Айрым үй-бүлөлөр экономикалык кризисти башынан өткөрүп, өздөрүн вирустан сактай албай жатат.

Вирустан коркуу сезими аярлуу топторго кирген адамдарды, анын ичинде качкындарды жана мигранттарды басмырлоого жеткирген учурлар бар. Буга жол берилбеши керек.

Биз балдарга карата көрүлүп жаткан чаралардын таасирин жумшартуу үчүн, басмырлоону болтурбоо максатында жапа чеккен жамааттарда мурдагыдай эле ишибизди улантып жатабыз", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кечээ, 11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөгө коронавирус пандемиясын жарылаган. Анда  "Жакынкы күндөрү коронавирусту жуктуруп алгандар жана андан ажал тапкандар дагы көбөйүшү ыктымал", - деген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости