www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз журтчучулугуна аттын кашкасындай таанымал коомдук активист, саясатчы Нурлан Мотуев NazarNews.kg маалымат агенттигине маек куруп, өлкөдөгү саясий кырдаал жана 2010-жылдагы апрель окуясы тууралуу пикирин билдирди. 

--Кыргызстандагы учурдагы саясат сизди канааттандырып атабы?

--Учурдагы саясат мени абдан канааттандырып атат. Анткени, Өкмөт, бийлик көп ката кетирген жок. Элди угуп атат. Эмне болуп элди угуп атат былтыр зыяндуу уран-кен казылат деп Тоң районунун эли чыгып митинг кылды эле элди угуп токтотту. Быйыл болсо Ат-Башыда логистикалык борбор курулганы жатты эле. Эл митингге чыкты аны дагы токтотту. Элди сыйлаган жакшы бийлик болуп атат. Эсимде калганы ушул эки маселе болду. Элде өзгөчө нааразычылык жокко эсе.

--Жакында 2010-жылдагы 7-апрель окуясы, элдик төңкөрүшкө  10-жыл толот экен. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү аянтка келип ант берип, кыргыз элине болгон ишенимин артыш үчүн өзүлөрүнүн убадаларын беришкен. Ошолордун убадалары аткарылды деп ойлойсузбу?

--Эч аткарылган жок. Мен ошол кезде эле айткам. Булар 2007-08-жылдары оппозиция болуп, Атамбаев, Текебаев, Отунбаева ж.блар биригип алышып ошол кездеги революциялык бийликти иштетпей, катуу уулдап-дуулдап, элди дүрбөтүп атканда, мен айткам эй туура эмес кылып атасыңар. Жыргатпайсынар деп. Мен айткандай эле болду, революция болуп кетти, 100 бала бейкүнөө өлдү. Ата-Бейитке барып көз жашын көлдөтүп ыйлап, боздошкону менен ахыбал андан дагы жаман болду. Свет ал кезде 1 сом болсо, азыр 2сом 16 тыйын болуп калды. Кыйратканы ушулбу? Паспорттогу кыргыз деген улутту өчүрдү, светти кымбаттатты, Кыргызгазды чет өлкөгө берип салды, Чет өлкөгө 4 млрд. доллар, ичинен Кытайга 3 млрд доллар карыз болдук. Баары уурдап бөлүшүп алышты дагы элдин моюнуна илип коюшту. Бүт баарын талкалабадыбы! Атамбаевдин бизге кылган жамандыгы ушулар болду! Ар бир туулган жаран 700 доллар карыз болот деп атышат. Аны Өкмөт ысык, муздак суудан, светтен эле чыгарып алат. 3.500 млрд. доллар карызды ушинтип эле чыгарып алышат. Ушинтип карызды төлөп коюп жүрө беребиз.

Ошол кезде менин бир тууган таякем, апам Усукееванын бир тууган инисинин баласына ок тийип 7-апрелде каза болду. “Өлгөндүн өз шору”-дейт. Эки эркек баласы бар болчу. Үй-бүлөөсүнө бир миллион сом, Жал кичи районунан бир бөлмөлүү батир берилди. Бала өлүп кете берди, аялы турмуш куруп кетти.

Булак: "NazarNews.kg"

 

 

Последние новости