www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус оорусу тез жайылышына байланыштуу Дүйнө өлкөлөрү вирус менен күрөшүү иш-чаралар жагынан Кытайдан үлгү алышы зарыл.

Кытайдын бийлиги өлкөнүн өкмөттөрүнө бир маанилүү сабак берди-бейтаптардын тесттерди жана дарылоого кеткен чыгымдарын төлөп берүүгө даяр тургула. Бул тууралуу South China Morning Post Гонконг гезити билдирүүдө.

Басылманын маалыматы боюнча, Кытайда коронавируска тесттен өтүүгө болжол менен 53 доллар кетет. Өлкөнүн эң бай шаары деп аталган Шэньчжэн шаарында COVID-19 вирусу чыккан бейтаптардын дарылоонусу 800 доллардан 3,3 миң долларга чейин жетет.

Өлкөдө вирусту дарылоодо колдонгон кээ бир ыкмалары кымбат турат, бирок ага кеткен чыгымдар өкмөт тарабынан төлөнөт. Өкмөт дарылоого 15 млрд доллар бөлүп берген.

Басылма билдиргендей, вирусту 1000ден ашуун адам жуктурган АКШда вирусту аныктоодо атайын тест тапшырганда төлөм төлөнбөйт. Бирок бир ооруканага барганың эле көп сумманы талап кылат-бир жолу көрүнгөнүң  болжол менен 3,2 миң доллар чыгым кетет.

Буга чейин Кытайда COVID-19 кырдаалы жакшырып бара жатканы маалым болгон. Расмий маалыматтар боюнча бир суткада 1578 адам вирустан айыккан. Ал эми жаңы жуктургандардын саны 24кө жеткен.

Бүгүнкү күндө Кытайда жалпы 80,7 миң адам жуктурган. Оорудан 61,4 адам айыгып кетти. Ал эми, Кытайда вирустан 3 миңден ашуун каза тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости