www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарындагы "Копетдаг" стадионунда жайгашкан спорт секциялардын биринин башчысынын орун басары каза болгондугуна байланыштуу, стадион толугу менен карантинге жабылды. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Копетдаг" стадионунун кызматкери Мухаммет Кешиков 24-июлда каза болгон. Мындан улам маркумдун туугандары стадиондо үч күндүк эскерүү иш-чарасын өткөрүшкөн. 28-июлда полиция кызматкерлери стадионду курчоого алып эч кимди киргизген эмес жана стадиондун ичиндегилер дагы чыгарылган. Стадиондун ичиндегилерге үйдөн чыкпоо сунушу берилген.

Дүйнөгө кеңири кулачын жайган коронавирус инфекциясы Түркмөнстанда расмий түрдө каттала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости