www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда сот 30 жаштагы Косим Оевге аялга асылганы үчүн 406 сомони (40 доллар) айып пул салды. Бул тууралуу Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Тажикстанда бул – асылуу үчүн жаза берилген алгачкы учур.

Окуя быйыл 12-июлда болгон. Жабырлануучу аял “Фейсбуктагы” баракчасына көчөдө такси күтүп турганда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа айдаган жигит токтоп тийишкенин, интимдик кызмат үчүн 100 доллар сунуштаганын, баш тартканда сөккөнүн жазган.

“Эмне үчүн эркектер өзүлөрүн ушундай алып жүрүшөт? Алардын эже-карындаштары жокпу? Апалары жокпу? Аялдары жокпу? Мындай айбандар жазалансын. Бир дагы айбан мага, мага эле эмес бардык аялдарга минтип сүйлөөгө укугу жок!”, – деп жазган ал.

Милиция кызматкерлери Косим Оевди 28-июлда кармашкан. Жергиликтүү басылмалар жигитке майда бейбаштык үчүн административдик протокол түзүлүп, 40 доллар айып пул салынганын кабарлашты.

Эки жыл мурун душанбелик кыз-келиндер калаа мэри, президенттин уулу Рустами Эмомалиге кайрылып, көчөдө асылган эркектерден коргоону жана аларды жазалоону сурашкан. Мэрия бул көйгөйдү чечүүгө убада бергени менен эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Последние новости