www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан коронавирус пандемиясынын өлкө ичинде жайылышынын алдын алуу максатында бардык ички чек ара пункттарын жабууну чечти. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына киришине бөгөт коюу үчүн кабыл алынган чаралардын негизинде Тажикстанга кирүүгө жана ал жактан чыгууга убактылуу чектөөлөр коюлду.

“Чектөө чет элдик дипломаттарга, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө, финансылык институттарга колдонулбайт. Бирок алар чек арадан өткөндөн кийин 14 күн карантиндик обсервацияга жаткырылат", - деп айтылат маалыматта.

 Мындан тышкары эл аралык жүк ташуучу айдоочуларга, эл аралык аба жана темир жол бригадаларына чектөө коюлбары да айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости