www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Замандаш” саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жоопкерчиликти толук ала албаган Республикалык штабдагыларга ачуу пикирин айтып чыкты. Бул тууралуу Жеңиш Молдокматов NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

"Жалпы калктын 1/5 сыртта, бөтөн жерде эмгек кылып, улуттук экономиканы көтөрүп ИДПнын 1/3 толтуруп келет. Тынч учурда мигранттар биздин реалдуу инвесторлор дейбиз. 2019-жылга карата 2,4 млрд.доллар которушту. Алардын каражаттары улуттук экономиканы кармап, сактап, көтөрүп келүүдө деп бардыгыбыз мактагандан мактап, көкөлөтүп келдик.

COVID-19 илдети чыгып, бир боорлорубуз кыйын кырдаалга кептелгенде эмнеге аларды эстеп, көңүл бурбайбыз!!!

Республикалык штабда бүгүн өкмөт, өкмөттү кураган парламенттин өкүлдөрү отурасыңар. Эмнеге бирөө толук жоопкерчиликти алып, ачык кайрылбайсыңар? Силерден бир гана нерсени күтүүдө. Ал маалымат. Рейстер болот же болбойт деп эмнеге айтпайсыңар!

Канча адам кыйналууда. Арасында боюнда барлары, ооруганы, мекенинде ата-энеси оорудан улам жарыктык менен кош айтышканга күнү келип балдарын күткөнү, жакындарын жоготкону, балдарын жетелеген энелер, балдарын багам деп кеткен аталар, деги койчу шорду элим бөтөн жерде оор күндөрдү башынан өткөрүүдө....

Штабда отургандардын алыс болсо дагы мигрант туугандарыңар бар чыгаар. Эмнеге кайрылып айтпайсыңар, "мекендештер, белди бекем буугула, рейстер болбойт же баланча шаардыкы каралып жатат" -деп. Бардыгын убара кылып, аэропорттордо түнөтөсүңөр. Мамлекет бизди таштап кетти дедиресиңер!

Өткөндө аргасыздан кайрылдык, анын дагы жообу жок! Кайрылуубузда "парламент чыгымдарын кыскартып, 5 айлык маянасынан баш тартып, атайы эсепке 20-30 млн.сом чогулса, мекендештерге жумшайлы. Рейстер болбосо, квартира ижараларын төлөп, тамак-ашын алып, карантин бүткөнчө кароого алалык. Рейстер болсо, каражаттарды жумшап, бир адамды кыйнабай, алып келелик",- деп сурандык. Укпадыңар!

Биринчи вице-премьер К.Бороновдун брифингде айткан сөздөрүн тышкы иштер министиринир орун басары жокко чыгарды. Тышкы иштер министирлигинин өкүлү вице менен толук макулдашпаганы көрүнүп турат.

Өкмөт өкүлдөрү, депутаттар элге чыкканда этият болгула! Ар бир сөзүңөр элди убарага салууда. Мисалы, ЖК депутаты "сүйлөшөбүз деп айткан" деп, 70 чукул мекендешибиз Шереметьево аэропортуна барып, кечээ омондордун күчү менен сыртка чыгарылды. Убара тарткан силер эмес, суукта үшүгөн эл, элчилик, диаспора өкүлдөрү.

Казак Республикасынын өкмөтү 14-апрелде өз жарандарын Тайланддан алып келиш үчүн чартер коюп жатат. Кыргызстандыктарды Казакстандын консулдугу ала кеткенге макул. Биздикилер кыргыз өкмөтүнөн Казакстанга чейин келсек, Казакстандан коридор ачып берүүсүн суранышса, жооп жок!

Жоопкерчиликтин бардыгын элчиликтерге, элчилерге жүктөп салдыңар. Аларда чечүү же чечим кабыл алуу жоопкерчилик жок. Чечимдер борбордон чыгат.

Мындай мисалдар абдан көп.

Дагы бир жагымсыз көрүнүштөрдөн. Сырттагы балдарга айрым аткаминерлер чыгып, тыйын берели, продукты таркатып, сүрөткө тартып бергиле дегендери четтен чыгат!

Акыры айтаарым, Республикалык штабдагылар, сырттагы мекендештер-биздин жарандар экенин унутпагыла!", - деп Жеңиш Молдокматов айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости