www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Усть-Каменогорск облусунда бир кишиден коронавирус илдетин жуктурууга шектелген 200гө чукул киши аныкталды. Бул тууралуу казак басылмалары облустук саламаттыкты сактоо кызматына таянып жазып чыгышкан.
Маалыматка караганда, илдетти жуктургандардын жакындары карантиндик стационарга жаткырылган жана дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат. Алардан алынган анализдер таза чыккан.
Бир палатада жаткан төрт бейтаптын үчөөсүнүн анализи таза чыккан, бирөөсүнүн анализинин жыйынтыгы чыга элек. Бейтап дарыланган стационар карантинге алынды. Байланышкан болушу ыктымал делинген шектүүлөр үй карантинине чыгарылган. Аталган саламаттыкты сактоо башкармалыгынан бардык жерлер дезинфекцияланып жатканын маалымдашты.
Казакстандык бейтап 82 жашта. Ал январда Россияга барып келген. Аялдын абалы орто оор абалда туруктуу экендиги кабарланды.
Булак: NazarNews.kg