www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас областындагы санитардык-карантиндик постто турган кызматкерлер тарабынан 55 жаштагы Жайлобек Садыковдун башкаруусундагы “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги расмий билдирди.

Маалыматка ылайык, Жайлообек Садыков жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенет жана Талас областына кирүү үчүн Талды-Булак айылында жайгашкан санитардык-карантиндик посттогу бардык кызматкерлерге: "Мен Бишкектен ички иштер министрлигинен Таластык милиция башкармалыгына плащ, беткап, кол кап буюмдарын алып келе жатамын", - деп, алдоого аракеттенип,  посттон өтүп кетүүгө аракет кылган.

Бирок, санитардык-карантиндик постто турган милиция жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аны өткөрүшкөн эмес. 

Ички иштер миинстрлигинин расмий  түрдө билдирүүсү:

"Эч кимге плащ жана беткап, кол каптарды Талас областтык милициясына жеткирип бер деген тапшырма же сураныч болгон эмес. Бул чайкоочулук жана алдамчылык. Адамгерчиликтин жеткен төмөнкү чеги. Милиция кызматкерлери тиешелүү жабдыктар менен эбак эле камсыз болгон.

Урматтуу жарандар, өзгөчө абалга байланыштуу өтө зарыл болбогон учурда региондордон чыкпооңорду суранабыз. Учурда жеке кызыкчылык үчүн эмес, бардыгыбыз бекем тартипти сактоо менен бирге жарандарыбыздын ден соолугун сактап калуу башкы милдетибиз экендигин унутпашыбыз керек. Алдамчылар менен жалган маалымат тараткандардын мыйзам чегинде жоопкерчилиги бар экендигин дагы бир жолу эскертебиз.

Ички иштер министрлиги “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын аткарууга чакырат. Ушуга байланыштуу, сиздердин жана жакындарыңыздын ден соолугун сактоо үчүн бекитилген эрежелер менен чектөөлөргө түшүнүү жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууңарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости