www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардан жалпысынан 130 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Бүгүнкү катталган 14 жаңы учурлар: Жалал-Абад облусунда – 5, Жалал-Абад шаарында – 2, Чүй облусунда – 1, Бишкек шаарында – 6 адам катталан. Таажывирусун жуктуруп алган 14 адамдын 4сү сырттан келген, ал эми калган 10у Кыргызстанда сырттан келген оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан.

Коронавирус аныкталган 130 бейтап төмөндөгү аймактардан аныкталган:

– Жалал-Абад облусу – 61,

– Ош облусу – 30,

– Чүй облусу – 6,

– Баткен облусу – 3,

– Ош шаары – 10,

– Бишкек шаары – 14,

– Нарын облусу – 4,

– Ысык-Көл облусу – 2.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости