www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиянын тургуну карантинден улам өзүнүн үйүндө күйөөсүнүн өлүгү менен бир нече күн жашады. Бул тууралуу мэр Боргетто-Санто-Спирито Джанкарло Канепуга шителеме берип, CNN билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин италиялык тургундун күйөөсүнөн коронавирус оорусу табылып, 9-март түнү каза болуп калган.

“Ооба, бул чын, ал дагы эле күйөөсүнүн өлүгү менен. Биз шаршембиге чейин алып кете албайбыз”,-деп мэр билдирген.

Анын айтымында, карантиндин протоколунда өлүккө эч ким жолобош керек деп айтылат.

“Тилекке каршы бизде коопсуздук протоклу бар жана биз ага баш ийишибиз керек”,-дейт ал.

Мэр маркум ооруканага баруудан баш тартып, үйүндө дарыланууну чечкенин жана ушундан улам азыркы кырдаалга алып келгенин айтты. Аялдын кошуналарынын айтымында, аял балкондон барынан жардам сураган.

Эске сала кетсек, коронавирус оорусу 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында чыккан. Акыркы расмий маалыматтар боюнча бир суткада 1578 адам вирустан айыккан. Ал эми жаңы жуктургандардын саны 24кө жеткен.

Бүгүнкү күндө Кытайда жалпы 80,7 миң адам жуктурган. Оорудан 61,4 адам айыгып кетти. Ал эми, Кытайда вирустан 3 миңден ашуун каза тапкан.Мындан сырткары 100дөн ашуун өлкөгө тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости