www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги бүгүн, 12-мартта Аламүдүн суусунун жашылданышы боюнча анализдин жыйынтыгын чыгарды.

"Химиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, суунун курамындагы азоттун аммонийи 2-4 эсеге, азоттун нитрити 11-45 эсеге, күйүүчү май 2-11,4 эсеге жогору болгон. Ошондой эле темир, цинк, жез, коргошундун дагы концентрациясы жогору болуп чыккан. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, сууга күйүүчү заттардын көп концентрациясы төгүлгөн. Бул факты боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чара колдонуу үчүн алынган жыйынтыктар Экотехинспекцияга жөнөтүлдү", - дейт маалымат кызматынан.

Бирок өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү суунун жашыл түскө боёлушунун негизги себеби мында эмес экенин айтууда. Алар сууга боёк төгүлгөнүн билдиришти.

"Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы анча так эмес. Мунайзат кошулганда суу жашыл болбойт. Сууга мунайзат кошулганы чын, бирок ал 29-февралда куюлган эмес. Себеби андан кийин текшергенде дагы ушундай эле жыйынтык чыгууда. 1-мартта эле милиция, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, Экотехинспекция жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү текшерип чыкканда дарыяга таштанды төгүлгөнү белгилүү болгон. Ошол таштандынын арасынан боёк сыяктуу зат табылган. Жада калса этикеткалары да чыккан. Аны сууга аралыштырып көргөндө видеодогудай жашыл болуп калган. Учурда ал таштандыны ким төккөнү териштирилип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 29-февраль күнү социалдык тармактарга "Аламүдүн дарыясынан жашыл түстөгү суу агып жатат" деген аталышта видео тарап, талкууга түшкөн. Бул боюнча Шаардык мэриядан “Фейк маалымат”  деген билдирүү тараткан. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалыматты төгүнгө чыгарууга шашпай, дарыя суусунан анализ үчүн үлгү алынганын жана жыйынтыгы жакында чыгарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости