www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Хатлон облусунун Абдурахман Жами районунда күйөөсү аялын мууздап салды. Бул тууралуу The Asia Times билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 9-март күнү кечке маал болгон. Жергиликтүү тургун өзүнүн жубайына кол салып, аны бычак менен муздап салган. Андан кийин кошунасын чакырып “жүр жардам бересиң” деген, бирок кошунасы аны эмне күтүп турганын сезген да эмес. Үйдө мууздалган аялды көрүп, ошол замат полицияны чакырууга шашкан. Ал учурда мыкаачыга жаңы ой келген. Аялынын башын жулуп алып, башы менен көчөгө чыккан.

Булактырдын биринин маалыматы боюнча, киши бир нерсе деп кыйкырып жаткан. Анын кыйкырыгы “Бактыга жараша” деген сөзгө окшош болчу.

Көп өтпөй полиция кызматкерлери келип кишини кармашкан. Кылмышкер жакшы жана жоош адам болчу экени айтылат. Бирок, көп спирт ичимдигин иччү экени маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости