www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз журтчучулугуна аттын кашкасындай таанымал коомдук активист, саясатчы Нурлан Мотуев NazarNews.kg маалымат агенттигине маек куруп, 2010-жылдагы 7-апрель окуясы тууралуу айтып берди. 

-- Экс-президент Курманбек Салиевичтин айтканы  бар: “Демонстрацияга чыккандар Өкмөт үйүн карай аттана башташканда бирок ал тургай мен отурган кабинеттин терезесин талкалап кирди, дубалга тийди бирок ушундай кырдаалда мен андай эч мааниси жок жоготууларга жол бербеш үчүн колумдан келгендин баарын  жазадым. Ошол кезде борбордук аянтта эмне болуп жатканын түшүнгөндөр аз болду. Бирок кыйла убакыт өткөндөн кийин кимдин ким экенин түшүндүк”-деп. Курманбек Салиевич 2010-жылдагы окуяда аткандар башка кишилер деп келет. Убактылуу Өкмөт атылган 80 баланын өлүмүнө Бакиевди күнөөлүү деп айтышууда. Ортодо табышмак бойдон калды, кармалган снайперлер дагы жокко чыгып кетти. Сиздин оюңузча ким күнөөлүү?

-- Мурунку башкы-прокурор Кубатбек Байболов кызматтан түшүп калгандан кийин: “Митингге чыккан 10000 киши жолдогу милициянын курал-жарактарын тартып алышып, Ак үйгө келип ок атса анан жооп кылып Ак үйдөн 17 кишиге ок атылып, өлгөн”-деп айтып чыккан. Баш-аягы 100 киши өлдү, калган 83ү эмне болуп өлдү? Жыйынтыгы өздөрүн-өздөрү атты. Сууга наркотик кошуп ичип алып мас болуп калышкан. Жылаңачтанып алышып кыйкырып жүрүштү. Коркуу сезим болбой калат экен. Көбү мас бирин-бири өлтүрүп, кырып салышты. Темир Сариев менен Азимбек Бекназаров ячейкадагы миллион долларды бөлүшүп алышты. Ячейкадагы миллиондорду тоношту. Роза Отунбаева дароо Лондондон үй алды. Иликтенбей эле калып кетти.

-- 2010-жылдагы окуя өз максатына жеттиби?

-- Эч кандай жеткен жок. Булардын аферисттик кыймыл-аракети ачык эле билинип калды. Апрель окуясынан эки ай өтпөй Ош окуясы чыкты. Бийлигин бекемдеп калыш үчүн Оштогу өзбек туугандарга Автономия түзүп беребиз деп алар көтөрүлүп өрт чыгып 4000 киши жарадар болуп 400 киши өлүп кетти. Ушулбу булардын кылган жакшылыктары? Кан менен бийликке келди. Экономикалык кыйроо болду. Жалпы 500 киши өлдү. 10 жылдан бери кыйналып келе жатабыз. Буга чейинки бийликке келгендердин элге кылган кыянатчылыгы ушул болду. Өзгөчө Атамбаев өлкөнү туңгуюкка кептеди,-дейт саясатчы Нурлан Мотуев. 

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости