www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өктөм Мамаева, Кой-Таш окуясында каза болгон подполковник Үсөн Ниязбековдун апасы: “Атамбаевди элдин көзүнчө жаакка бир чаап калганда кичине болсо дагы ачуум тарайт эле, азыр ошентпегениме өкүнүп да жүрөм”,- деп Ring.kgге маек курду.

--Өктөм эже, акыркы жолу маекти Россиянын Санкт-Петербург шаарына кетип жатып бердиңиз эле. Ал жактан биротоло көчүп келдиңизби?

--Өзүмдүн элиме, туулган жериме 70 жаштан ашканда биротоло келсем деген оюм бар. 2005-жылы Россия Федерациясынын жаранды болгом, азыр ошол жактан пенсия алам. Бирок, ошол шаарга барган күндөн баштап эле кыргыз элим үчүн кызмат кылып жүрөм. Эгемендүүлүккө оңой эле жетип калдык деген менен Кыргызстанды алсыздандырууну көздөгөн күчтөр толтура. Биздин жерибиздин сулуулугундай сулуулук эч жерде жок. Ошондуктан ар бир адам Кыргызстанды өнүктүрөлү, гүлдөтөлү деп ойлонушу керек. Мигрант жердештерибиздин саны жыл сайын көбөйүп жатканы мени да тынчсыздандырат. Алгач Санкт-Петербург шаарына барганымда билим алып жаткан студенттерди кошкондо 3 миңге жетпеген кыргыз бар болчу. Азыр 30 миңден ашты. Алардан баары жыргап кеткен жок, азап чегип жүрүшкөндөрү миңдеп саналат. Башка өлкөлөр татаал шарттарда жаңы шаарларды, завод, фабрикаларды куруп өнүгүп жатат. Кыргызстанда феодал-кулчулук аң сезимден арылбагандар бийлик башына келип, өлкөнү башкарып жатканы азыркы абалга себепкер болду. Акчанын, байлыктын, бийликтин кулу болгондор элдин ырыскысын түгөттү. СССРди талкалоо үчүн АКШ кандай аракеттерди көргөнү эми ачыкталып жатат. Азыр дагы сырткы күчтөр биздин өлкөнү башаламан кылууну көздөп жатат. Жогорку бийлигибизде ошол күчтөрдүн адамдары олтурганы мен сыяктуу сыртта иштеп жүргөндөргө ачык көрүнүп, өкүткө салат. Атамбаев 2005-жылы, 2010-жылы революция кылууга активдүү катышты. Революциялардан кыргыз эли эмне утту? Бирууч адамдар байлык топтоду. Муну бүткүл дүйнө билет. Мындай сөздү Назарбаев деле айтпадыбы. Сыртта жүргөндөрдүн Мекенге болгон сүйүүсү күч. Атамбаев элди ойлосо, Кой-Ташка завод, фабрика куруп, жок дегенде миң, беш жүз адамды жумуш менен камсыз кылса болот эле го. Тескерисинче, өлкөдөгү эң күчтүү делген заводду талкалап, сатып жок кылбадыбы. Азыр андай заводду кура албайбыз. Сыртта жүрүп ушундай ойлор менен ооруйсуң. Мигрант болуп чет жакка кеткендер кайра Мекенге бир күнү кайтып келет. Алардын максаты деле ошол. Мен дагы Кыргызстанга кайтып келем деген ойдомун.

--Үсөн уулуңуздун балдарына мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлдүбү?

--Үсөндүн 6 баласы атасыз калды. Биринчи аялынан 3 уул, 1 кыз, экинчисинен 1 уул, 1 кыз. Жашоо токтобойт, тирүүнүн тирилиги өтө берет экен. Өлгөндүн өзүнүн шору. Балдарына мамлекет пенсия, жөлөк пул дегендерди чыгарып берди. Чоң неберем аскер кызматын өтөп жүрөт. Жүрөгүм эзилип, ден-соолугуму жоготуп, дарыгерлердин күчү менен өзүмө эми келип атам. Кой-Таш окуясы боюнча тергөө иши бүтүп, соттук процесс башталды. Мен жабырлануучу катары сотко катышып жатам.

--Биринчи соттук процесске бардыңызбы?

--Сотко бардым. Күнөөлүү дегендерди “Автозак” менен алдында эки жоокер, артында эки жоокер кайтарып алып келишет экен. Кудай канча жаш берерин өзү билет, пенде болуп жаралган соң баарыбызга эртели-кеч өлүм келет. Кечээ эле президент болуп, Кыргызстанды башкарган Атамбаев бүгүн “Автозак” менен сотко келгенин көрүп, дүйнөгө шылдың болгонубузга ичим ачышты. 6 жыл өлкө башчысы, премьер-министр болуп иштеген адам террордук топту уюштуруп алып, өзү башкарган мамлекетти, анын мыйзамдарын сыйлабагандан кийин эмне деген мамлекетпиз? Ушундай мамлекеттин чыккынчылары бийлик бутактарында олтурушат да. Булардын кесепетинен улам 28 жылдан бери мамлекетибиз бечел баладай болуп өйдө көтөрүлө албай жатат. Соттук териштирүүдө күнөөлүү деген шек менен кармалгандардын адвокаттары үй камагына чыгарууну өтүндү. Бул өтүнүчкө биз каршы болдук. Террордук багыттагы иш менен кармалган адамдарды үй камагына чыгарып коюу мүмкүн эмес. Алар өз ишине жараша жаза алышып, түрмөнү дагы көрүшсүн. Менин Улуттук Коопсуздук Комитетине дагы ичим чыкпайт. Уулум Үсөн 2000-жылдары Улуттук коопсуздук комитетине ишке киргенде, бизди дагы текшерип, андан кийин ишке алышкан. Бир өлкө экинчи өлкөдө эмне болуп жатканын анализдеп, маалыматты алып жатат. Биздин чекисттер ким элге душман экенин ушул жерде олтуруп билбейби? Элдин тынчтыгы, өлкө стабилдүү өнүгүшү үчүн чекисттер баарын алдын ала анализдөөгө милдеттүү. Рита Карасартова, Азиза Абдрасулова элге тополоң салгандарды актап жатат. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын ким карайт? Кой-Таштагы окуянын башкы күнөөкөрү Алмазбек Атамбаев башка айыпталуучулар менен кошо темир тордун артында эмес, эки адвокатынын жанында тойго келгендей эле күлүп, жыргап, адам өлтүрдүм деген күнөөсүн сезбегендей болуп олтурду. Менин оюмча ал санаторияда эле жүргөндөй. Эмне үчүн аны темир тордун артына олтургузушкан жок? Мыйзам дагы деле ага келгенде башкача иштеп жатабы? Так талашпай эле жаңы салган хансарайынын жанына завод куруп, тентип кетип жаткан кыргыздарды жумуш менен камсыздап, жыргап жата берсе, ушул окуя болбойт болчу. Мен дагй күйүткө батпайт элем да. Эне үчүн баланы жоготуу кыйын. Мындайды жыландын башына дагы салбасын. Эгемендик алгандан бери бийликтин айынан канча эне боздоду? Аксыдагы 6 баланын, 2010-жылдагы 90 азаматтын, Ош окуясындагы каза болгон жүздөгөн уулдарыбыздын энелеринин көз жашын ким токтото алды? Энени боздоткондор өз жазасын алыш керек да. Мамлекеттин мыйзамдарынан сырткары Кудайдын дагы мыйзамдары бар. Алар Кудайдын алдында жооп бергенден эч жакка качып кутула албайт.

--Аксы окуясында каза болгон Сатинбай деген азаматтын апасы Камкаян эне Аскар Акаев менен жолукканда “Аскар, жесир калган аялдарды аласың, жетимдерди багасың…” деп айткан эле. Сиз Атамбаев менен бетме-бет олтурсаңыз, бир нерсе деп айта алдыңызбы?

--Соттук иш баштала элек болчу. Атамбаевге карап, “Мени тааныдыңбы?” деп айттым. “Жок” дейт. “Сен өлтүргөн баланын апасы болом” десем, “Балаңызды мен эмес, Соке өлтүрдү” деп айтты. “Соке сенин үйүңө барып бункер салып бердиби? Же келгендерди атасың деп колуңа курал карматтыбы?” десем унчуккан жок. Үйүнө Гитлердин бункериндей бункер жасап алганын да моюндабай, “Соке өлтүрдү” деп олтурат. Ушул адамды ушундай акылы менен кантип 6 жыл президент кылып жүрдүк деп жаным аябай кейиди. Кан басымым жогорулап, өзүмдү –өзүм араң басып калдым. Элдин көзүнчө Атамбаевди жаакка чаап жиберейин дедим эле, адвокат бала “эже сабыр кылыңыз” деп кармап калды. Атамбаевди жаакка бир чаап калганда кичине болсо дагы ачуум тарайт эле, азыр ошентпегениме өкүнүп да жүрөм. Гитлер СССРдин аскеринен сактануу үчүн бункерине жашынган. Атамбаев кайсыл душмандан сактанды? Өзүн президент кылып шайлаган элден сактанабы? Мамлекеттик комиссия түзүлүп, чечим чыгарышты. Эч кандай натыйжа болгон жок. Атамбаевдин жанында жүргөн Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, Карамат Орозова деген депутаттарга саясий баа берилген жок.

--Сотко сиз айтып жаткан Карамушкина, Кодуранова дагы барбадыбы?

--Ооба, алар дагы барышты. Кундуз Жолдубаева болсо Гитлердин Евасындай болуп олтурду. Карамушкинага барып “Сен мени тааныдыңбы?” десем, “Жок, тааныбадым” дейт. “Санкт-Петербунгга барганыңда 3 жолу чай ичпедик беле. Мигранттар менен жолугушуу болгон жыйынды алып баруучу болбодум беле” десем, “Ой, сиз анда абдан сулуу болчусуз…” дейт. “Сенин да балаң өлсө сени да көрөт элем кандай болуп калганыңды… Азыр азапка батып, кыйналып турганымда көрүп жатасың. Сен мени жайнап турганымды көргөнсүң, ошон үчүн тааныбай жатасың да…” деп айтсам, “Гезиттен окудум, менин көңүл айтуумду кабыл ал” деп көңүл айтат. Атамбаев Москвага барганда “Мен чет өлкөгө барып ден-соолугуму карайм” деген экен, Карамушкина баш болгон ушул аялдар “Иш жакшы жүрүп жатат. Аягына чейин чыгарабыз, койгон максатка жетебиз” дешип болбой коюшуптур. Ушундай болду беле? Силер Атамбаевди буздуңар десем, Карамушкина “Атамбаев бизди укпайт болчу” дейт. Асель болсо сөз кайтара алган жок.

--Үсөндүн шериги Асан кайсыл кесиптин ээси?

--Ал дагы аскер адамы. Экөөсү тең Суворов атындагы училищени бүтүрүшкөн. Асан азыр Санкт-Петербургда, отставкадагы офицер. Ал уулум Россияда окууну бүтүп, ошол жакта аскердик базада иштеп калды. Үсөн Кыргызстанда иштейм деп болбой туруп албадыбы. Келген сайын отпуска алчы деп сурансам, “Апа мага отпуска бербей жатат” дечү. Жетекчилигиңе өзүм барайын, мени жөнөтчү десем, жөнөйтпөйт эле. Өзүнүн кесибин аябай сүйчү. “Альфада” иштеп, террорчуларга каршы туруп, кокус бир күнү ок жаңылып калбас бекен деп жүрчүмүн. Үсөн кыргыз элин дүйнөгө шылдың кылган Атамбаевдин колунан өлгөнү мени эзип кетти. Акыркы жолу “Үсөн ушул ишиңди таштачы, чыгып эле кетчи…” десем, “апа иштегениме 6 айдан кийин 20 жыл болот. 6 ай чыдап коёюн” деген,-деп Өктөм Мамаева маек курган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости