www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 11-марттында болжол менен саат 14:00 чамасында  Бишкек  ш. ИИББинин “102” кызматы аркылуу Ош базарында жайгашкан «Берекет-Гранд» соода борборунан жаш  бала  жоголду деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ш.ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Айтылган даракке ошол замат Бишкек ш.ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 2014-жылы туулган К.А. аттуу жаш бала жоголгону белгилүү болгон.

Ыкчам издөөнүн натыйжасында Бишкек ш.ИИББгы боюнча Милициянын  кайгуул кызматкерлери жоголгон жаш баланы  «Берекет -Грант» соода борборунун күн чыгыш жагынан таап,  атасына өткөрүп беришти.

Баласынын табылганына ыраазы болгон атасы Милициянын кайгуул кызматына ыраазычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости