www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус дартынын кеспетинен улам, Италиянын бүтундөй аймагы карантин болуп, мектеп менен университтер жабылып, жергиликтүү жарандарды көчөгө чыкпоого чакырды. Ошондой эле дүйнөлүк маалымат булактары Сауд Арабия акыркы 40 жылдын ичинде биринчи жолу мусулмандарга Меккенин Каабасын жапкандыгын жазып чыкты.

NazarNews.kg маалымат агенттиги жеринен Меккедеги абал тууралуу кабар алдык.

--«Каабадагы абал тууралуу маалымат чындык. Учурда Каабага зыярат кылып келгендердин караанын да көрүүгө болбойт. Кааба таштын айланасында сиздер тасмада көрүп тургандай эле эч ким жок. Болгону атайын полиция кызматкерлери жана Каабанын ичиндеги кызматкерлер бардык жерлерде коронавируска каршы алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат», - деди  NazarNews маалымат агенттигине жеринен устаз Альмамдух Бару Альтүркистан билдирди.

«Меккенин Каабасы Кудай насип кылса зыярат кылуучуларга Рамазан айында кайра ачылат», - деп кошумчалады Альмамдух Бару.

Эске сала кетсек, Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөнүн 110дон ашуун өлкөсүнө тарап, дүйнө жүзүнүн үшүн алды. Бир гана Түркменистан мамлекети коронавирус дартын «Кытайдын кезектеги оюну» деп, беткап таккандарды мазактап дүйнө элин таң калтырды. Бүгүн, 12-мартта Кытайдын Уханында адамдар маскаларын чечип, көчөгө чыга баштаган тасма тарады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости