www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-мартта Чехия өкмөтү өлкөгө 30 күндүк өзгөчө кырдаал киргизүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Чехия отуз кишиден көп чогула турган бардык спорттук, маданий, диний иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Кафе, ресторандар жана башка тамактануучу жайлар кечки сегизден баштап таңкы алтыга чейин жабык болот.

Белгилей кетсек, чех өкмөтү виза берүүнү убактылуу токтотту.

Учурда Чехияда вирус жугузуп алгандардын саны 100гө чукулдады.

Дүйнө жүзүндөгү илдет жайылган өлкөлөрдүн бештигине:

Кытай (80 921)
Италия 12 462 (бир суткада 2 миң киши жуктурууда)
Иран (9 000)
Түштүк Корея (7 755)
Испания (2 231) 

Германия алтынчы орунду ээлесе (1908 киши), андан кийин Франция (1784) жана АКШ (1100), Швейцария (613) жана Норвегия (598) топ ондукту толуктаса, ошондой эле  Япония (581) да аталган тизмедегилерден айырмасы чоң эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости