www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штататында коронавирустун жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Рейтер агенттиги билдирди.

Невада штатындагы Рено шаарында жашаган 25 жаштагы жигит апрель айында коронавируска чалдыгып, оорунун жеңил түрү менен ооруган. Май айынын аягында ал кайрадан ооруп калды. Бул жолу оору күчөп кеткен.

«Бул изилдөө, сыягы, рецидивдин жаркын мисалы болушу мүмкүн. Буга чейин белгилүү болгондой, вирус кайрадан козголот. Анткени ар бир адамда имунитет 100 пайыз болбойт”, - дейт иммунология жана микробиология профессору Кристиан Андерсон.

Аталган илдет менен ооругандар кайрадан ооруп калышы толугу менен мүмкүн. Бул көрүнүш дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө да болуусу күтүлүүдө. 

Буга чейин Гонконг университетинин изилдөөчүлөрү 33 жаштагы адам кайрадан ооруп калгандыгын билдиришкен. Ал 4,5 ай мурун коронавирусту жуктуруп алып, кийинчерээк вирус кайрадан козгогон.

Суннатилла Абдуллаев. Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости