www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл 2020-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо өтөт. Эл партиялардын эмнесине карап добуш беребиз деген суроону салып турушат.  Буга карата саясат талдоочу Тарат Аким төмөнкүдөй билдирүү жазып чыкты:

“Менден сурашты, “Партияларды кантип тандаш керек?” дейт бир карындашым.

Жооп:
1. Партиялардын программаларын окуп анан тандаш керек. Бирок 10дон ашык партиялардын кайсынысын окуп салыштырганга убактынар бар – эч жок.

2. Программалары деле интернеттен көчүрүлгөн сулуу сөздөр. Росссия, Украина, Казахстан деген жерлерин Кыргызстан деп алмаштырып коюшкан. Политехнологтон башкасы дегеле окуган эмес – ашып кетсе, лидери бирин-серин тезистерин жаттап алган.

3. Эмнесин окуйсун эгерде кечеги депутаттын эч туруктугу жок ойнок болсо. Улам жаны партияга көчүп идея-принцип карманбаса – кечеги партиясынын программасын сатып жүрсө.

PS. Кыскасы, эл арасында бүгүн программалар боюнча эч сөз жок – баары эле кимиси канча акча берет экен дейт. Ошондуктан партиялык система кыргыз элине такыр эле кереги жок. Турмуш өзү далил”.

“Партия” деп Текебаев 2010 жылы жазып койсо эле “Ура” деп айгайлап өзүбүздү алдап чуркап жүрөбүз – акыры эмнеге жетер экенбиз?”, – деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости