www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-депутат, профессор, калыстыкты туу туткан Каныбек Осмоналиев менен эгемендик боюнча пикир алыштык.

-Каныбек агай, эгемендикке ээ болуп, көз карандысыз мамлекет болгонубузга быйыл 30 жылдын жүзү болуптур. Эркиндикке, эгемендикке ээ болгону Кыргызстан эмнеге жетиштик?

-1991-жылы Кыргызстан өзүнүн карт тарыхында биринчи жолу толук эгемендүү эркин мамлекет болуу бактысына бөлөндү. Бул чоң олжо болду. Ал кездеги дүйнөдө экинин бири болуп "күркүрөп" турган Советтер Союзу бир нече саткынчылардын азабынан эле дүйнөлүк масондук уюмдардын курмандыгы болуп калды дагы, ырайымсыз капитализмдин тайгак кечүү, тар жолу менен өтө каар заманына бет урду. Биздин Кыргызстандын тагдыры ошондой глобалдык катастрофанын ыргагы менен эле чечилди. Кудайдан болуп эркиндик колубузга кан төгүлүүсү жок берилди. Бул эң чоң бактыбыз. Анан кийин бизди башка өлкөлөр менен бүткүл дүйнөлүк интеграциялык уюмдар расмий тааный башташты. Мунубуз дагы зор олжо болду. Эл аралык каржы институттары болсо күргүштөтүп жардамдарды бере башташты. Муну деле кубанып алып жаттык. Бир аз токтоп ойлонгонго деле кудуретибиз жетпеди. Эгемендүү өлкө үчүн зарыл болгон атрибутикаларга ээ болдук: туу, гимн, герб, улуттук валюта, жана башка. Анан Конституция баш болгон мыйзамдарды өзүбүз кабыл алдык. Алгачкы президентибиз менен парламентибиз шайланды, өкмөт түзүлдү. Ушулардын баары жакшы жетишкендиктербиз деп айтсак болот.

-Акыркы мезгилде эгемендиктин баасын, баркын  билген жокпуз деп кейигендер көп. Эгемендикти баалай алдыкпы, кадырына доо кетирген жокпузбу?

-Тилекке каршы, эгемендүүлүк өзү эле асмандан түшө калгандай болуп жыргай түштүк. Анын чыныгы баасын, баркын, кадырын биле албай эле, капитализмдин жапайы базарын көздөй бой таштадык. Кадырына катуу доо кетирдик. Эмне үчүн мындай пессимисттик сөздөрдү айтып жатам? Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөрчү? 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин өндүрүшү, айыл-чарбасы, социалдык инфраструктурасы кандай эле? ХХ-кылымдын дүйнөлүк талаптары менен чакырыктарына толук ылайык келчү эле го? Мен эми ошол кездеги алгачкы саясий лидерлерге таң калам. Бүтүлүү буюмдарды бүлгүнгө салып жиберишти. Болбогон эле бир аз тарыхый убакытта гүлдөп турган экономиканы талкалап, каныбайрам кылышты. Элдин ортолук мүлкүн күл кылып сапырышып, жапайы айбандардын мүнөзүнө салып, талатып жиберишти. Анын пайдасын кимдер көрүштү? Ошол эле партиялык-советтик номенкулатуранын өкүлдөрү, мурдатан соода-сатык иштери менен алектенип жүрүшкөн чайкоочулар жана алардын балдары, жакын туугандары. Калп эле приватизация деген шылуун долбоорду бетке тутушуп, бир ууч шүдүңгүттөр Кыргызстандын байлыгын ит бекер менчиктештирип алышты. Мугалим, врач, маданият кызматкерлери дээрлик түрдө кур жалак калышты.  Завод-фабрикаларды талап-тоноп алган макулуктар кыргыз экономикасына бир тыйын пайда келтирбей, талкалап гана сатып жиберишти.

-Демократияны ээн баштык менен алмаштырып алган жокпузбу?

-Демократиянын классикалык(афиналык) үлгүсүн алуу үчүн эволюциялык жолду сөзсүз түрдө басып өтүү керек эле. Бизде андай болгон жок. Болбойт дагы болчу. Анткени, эң маанилүү маселе болгон кадрдык саясатта чоң мүчүлүштүктөр кетти. Ээн баштык мамлекеттик башкаруунун кадимки эле белгиси болуп калды. Жыйынтыгын мына бүгүн зор азап катары тартып келүүдөбүз!

-Эгемендик алганы табиятыбыз өзгөрдүбү же ?

-  Катуу өзгөрдү. Болгондо дагы жаман жагына карай ыктадык. Жапайы капитализм үчүн мүнөздүү болгон ач көздүк биринчи орунга чыкты.  

-Эгемендикке ээ болгону эмнеге жетиштик, эмнеден өксүдүк?

- Тилекке каршы жакшы окуялар аз болду. Эгемендүүлүк жылдар элдин тарткан азаптарына бай болду. Бул 29 жылыбызды негизинен, бир орунда эле таптап басып жүрдүк.  Эл аралык рейтингдерде эң арткы орундарда турабыз. Ушул абалыбызды өзүбүздүн эле түркөйлүк адатыбыз менен өз колубуз аркылуу жасап келе жатабыз! Аттиң!!! Жаңы саясий система, бүгүн аба менен суудай зарыл болуп турат. Эл ушул асыл максаттарга гана умтулушу керек!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости