www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ахал” Туркмөн футбол клубу Кыргызстанга коронавирус оорусун жуктуруп алабыз деп коркуп матчка келген жок. Бул тууралуу Кыргыз Премьер-лигасы өзүнүн Инстаграм баракчасынан билдирди.
Азия футболунун конфедерациясынын (АФК) матчы бүгүн, 5-февралда Жалал-Абадда саат 14:00дө башталмак. 3-февралда “Ахал” АФКга Кыргызстан Кытай менен чектешээрин эскерип, коронавирус оорусунан улам, оюнду жылдыруу өтүнүчү менен кат жөнөткөн. Конфедерация Жалал-Абадда өтө турган оюнга “эч кандай коркунуч жок” жана матч өз убактысында өтүш керек деп жооп беришкен.
Мындан улам, АФК “Ахалга” 3:0 эсеп менен техникалык жеңилүү деп билдире алат. Азербайжандын "Нефтчи" футбол клубу аталган оюнда катышып жаткандыгынын себеби, өткөн жылы Кыргызтандын кубогун утуп алган.
Булак: NazarNews.kg