www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, азыр камакта жаткан Садыр Жапаровдун  2017-жыл кыргызстандыктарга жар салган Кайрылуусун окурмандарга кайрадан сунуш кылабыз.

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Өлкөбүздө көп улуттуу калк жашайбыз. Бир мамлекетте жашап жаткандан кийин, казак, өзбек, орус, тажик, уйгур, дунган мейли кайсы улут болбосун баарыңыздарга кайрылуу жасаймын.

Кыргызстан эгемендик алып, өз алдыбызча жашап келе жатканыбызга 25 жыл болду. Биз сыяктуу эгемен алган өлкөлөр байгер жашоону бул жака коёлу бүгүн алды космоско уча баштаса, биздикиндей кен-байлыктары жок, чөлдө жашаган өлкөлөр деңиздин үстүнө асман тиреген имараттарды кура башташты. 30 жыл мурда бизден артта турган өлкөлөр өз жарандарын туулгандан баштап, өлгөнгө чейин өкмөт өзү багып жатат. Биз болсо өз байлыктарыбызды талатып-тонотуп, кара курсакты тойгуза албай, насыядан насыяга батып, "гум" жардам менен жашаган өлкөгө айландык. Курсактагы балабызга чейин 700 доллардан карыз болдук.

Өлкөбүздүн келечеги болгон жаштарыбыз тентип кетти.

Буга ким күнөөлүү?

Албетте биринчи кезекте өлкө башында турган жетекчилер күнөөлүү болсо, экинчи кезекте жалпы элдин да кандайдыр бир деңгээлде күнөөңөр бар. Анткени, байлыгыбызды уурдап, талап-тоноп кетип жаткан ууруларды көрүп-билип туруп, токтотуп калбаган кайдыгербиз. Анча мынча эл арасынан чыгып, митингдерди уюштуруп, "токтот" деп бир кыйкырып коюп, кийин жагында дүнүйөгө же кызматка сатылып кеткен жаш лидерлерибиз күнөөлүү. Себеби, лидер болумуш боло калып, элдин ишеничине кирип, элди ээрчитип алып, ишти аягына чыкпай жеке кызыкчылыгы үчүн соодалашып, акчага же кызматка сатылып кетишип, эл тажап, лидер сымалдарга ишенбей, кайдыгер болуп калганбыз. Мындай көрүнүштөр ар бир облуста азыр да кайталанып жатат.

Ошентип, бүгүн өлкөбүз жардын кырына келип калды. 6-7 жылдан кийин Кытай мамлекетине эки миллиард, башка өлкөлөргө үч миллиард доллар карызыбызды төлөй турган убакыт келет. Албетте төлөй албайбыз. Казнабыз бош. Жыл сайын 10 миллиард сомдун тегерегинде тартыштыгыбыз бар.

Бизден сурабай туруп жерлерибизди алышат. Себеби, мамлекет башчыларыбыз Кытайдан карыз алып жатканда  "эгер өз убагында төлөй албай калсак, суверендүүлүгүбүздөн баш тартабыз, эл аралык сотко кайрылбайбыз, кокус соттошуп калсак, сот Гонконгдо кытай тилинде болсун" деп, кол коюп беришкен экен.

Суверендүүлүгүбүздөн баш тартабыз деген сөз: "эгер насыяны үстөгү менен төлөө мөөнөтүн бир эле күн кечиктирсек, мамлекетибизди силер башкаргыла" деген сөз. Бул эч талашсыз. Бул эле эмес, жылуулук берүү борбору, түндүк-түштүк алтернативалуу жолу, Датка-Кемин электр чордону дагы Кытай тараптын башкаруусуна өтүүгө макулбуз деп кол коюшуптур. Булардын баарын Кытай тарап алып, башкара баштаса, биз эч кандай каршылык көрсөтө албайбыз. Бизге дүйнөлүк держава болгон өлкөлөр да жардам бере алышпайт. Анткени, мамлекет башчыбыз мамлекеттин атынан кол коюп берген Кыргыз-Кытай эл аралык келишими турат. Мен Кытайдан келип жаткан инвестицияларга жана эки мамлекеттин ортосундагы ысык мамилеге эч каршы эмесмин. Бирок, мынча көп, үстөгү асмандын башы болгон насыя алаардан мурда терең ойлонуп, жети өлчөп бир кесиш керек эле. Кайра төлөп берүүчү булактар аныкталыш керек болчу. Качан гана өз убагында төлөп кетүүгө көзүбүз жеткенде алсак болмок. Ошондо да 2 пайыз менен эмес, 0,75 пайыз менен алышыбыз керек эле. Кыргызда сөз бар. "Болоор иш болду, боосу канды" дейт. Эми эмне кылуубуз керек деген суроо туулат? 

Пайдасынан зыяны көп, чыгымдары асмандын башы болгон бүгүнкү чириген башкаруу системасын тез арада өзгөртүп, эки айдын ичинде жаңы башкаруу системасын ишке киргизишибиз керек.

Ар бир тыйынды үнөмдөө үчүн парламент партиялык эмес, бир мандаттуу округдардан шайланып, 35 депутаттан ашпасын. Ар бир райондун өзүнүн депутаты келсин. Чынын айтсак алты миллион калкы бар өлкөгө 35 депутат дагы көптүк кылат. Депутат деген жол оңдобойт, көпүрө салбайт, мектеп курбайт. Мыйзам жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөсүн. Кадр тандоо иштерине кийлигишпесин. Өкмөттү президент өзү башкарып, жалпы эл алдында жоопкерчиликти толук өз мойнуна алсын. Бир эле вице-президент болсун. Бүгүнкүдөй пайдасынан чыгымы көп башкаруучулар армиясынын кереги жок.

Жыл сайын бир жолу жалпы элдик курултай чогулуп, президент менен парламенттен жылдык отчётторун алып, иштерине баа берип, президент менен парламенттин ишине канаатанбаса, ошол эле замат отставкага кетирип, жаңы шайлоолор болуп турсун. Мына ошондо гана накта элдик бийлик орнойт. Иштей албаган президент менен парламентти алты жыл күтүп, убакытты кетириштин кереги жок. Убакыт Кыргызтсан өнүгүп алсын деп, күтпөйт экен. Дүйнө элдери космосто жүрөт. Биз эмдигиче күрөк-кетмен доордо жашап жатабыз. Бул ачуу чындык.

Мына ушундай реформаны канчалык тез жасасак, дүркүрөп өнүгө баштайбыз. Болбосо сазга батканыбыз баткан. Профеционалдуу кадрлардан турган, башка өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө салым кошуп, чет мамлекеттерде иштеп жүрүшкөн 21-кылымдын кадрларын тез арада мамлекеттик кызматтарга тартышыбыз зарыл. Тааныш-билиш, тууган-урук деген оорудан арылып, чыныгы профессионалдарды конкурс менен казматтарга алышыбыз керек.

Эшикте 21-кылым. Дос, жолдош-жоро, куда-сөөктөр башкара бергидей илгерки заман эмес. Эгер ушундай өзгөрүүлөрдү бүгүн жасабастан, эт менен челдин ортосундагы башкаруу система менен кете берсек, казнабыз бөксө бойдон илең-салаң болуп, 2023-жылкы президенттик шайлоого жетебиз. Андан аркы мамлекетибиздин бүтүндүгү күмөн. Ошондуктан, бүгүнкү өтүп жаткан ар бир күнүбүз кылымга тете болуп турат дсем эч жаңылышпаймын. Кийин муну тарых тастыктайт.

2025-жылдан баштап жерлерибиз кертилип кете баштайт. Биз өзүбүз ээ боло албай, башыбызды мыкчып олтуруп калабыз. Көзү ачыктык кылбайын, бирок мен муну теше көрүп турам. Бул кылтактан чыгып кетүүгө бүгүн чара көрбөсөк, кийин миң алекет кылсак да кеч болуп калат.

Система алмашкандан кийин, эки айдын ичинде коррупцияны жок кылабыз. Коррупция менен күрөшүп, ага убакыт, "нерв" коротуп кереги жок. Анын тамырын талкалайбыз. Баш көтөргүс болот. Коррупцияны жок кылууда тандалма болбойт. Тууганчылык, жердешчилик, тааныш-билиштик деген маселе өтпөйт. Өлкөдө адилеттүүлүк менен мыйзамдуулукту катуу жана бекем орнотобуз. Президенттен баштап, жөнөкөй жарандарга чейин мыйзамдар бирдей иштейт. Эки жылда республикалык казнаны беш эсеге өстүрүп, тентип кеткен бир миллион мигранттарыбызды чет өлкөлөрдө туалет тазалатпай, улуу сөздө уят жок, ошол өлкөнүн абышка-кемпирлеринин бок-сийдигин жуудурбай кайтарып келебиз.

Ар бирин ата-эне, бала-чакасынын маңдайында иш менен камсыз кылып, ар бир Кыргызстандык үй-бүлөөнү байгерчилик жашоого жеткирип, күчтүү мамлекетке айланабыз. Буга акылыбыз да, күчүбүз да жетет. Мамлекетибиздин мүмкүнчүлүгү да бар. Буларды аткарууда Президент болгон адамда эрк менен адилеттүүлүк гана болуш керек экен. Өлкөнүн өнүгүүсү президенттен гана көз каранды экенине 15 жылдан бери саясатта жүрүп, толук көзүм жетти. Болгону напсисин тыйып, таза иштеш керек экен. Казнаны эки жылда кантип беш эсеге көтөрөбүз? Анын жолдорун азырынча айтпай турайын. Себеби, бүгүн душмандарым чачымдан көп болсо, эртең эки эсеге көбөйөт. Анткени, баардыгы ар кайсы киреше булактарды, кен-байлыктарыбызды мите курттай соруп олтурушат. Баарын ээлеп алышкан. Чыныгы реформаларды жасасак, алар киреше булактарынан айрылышат.

Жаратылышыбызды талкалабай эле, бир эки жылда экономикалык абалыбызды көтөрүп кетчү үч, төрт кирешелүү долбоорлор бар. Эгер баарыңар колдоп турсаңар, ошол долбоорлорду токтоосуз, эч кылчактабастан ишке ашырабыз. Жогоруда айткан өзгөрүүлөрдү бүгүн жасап, долбоорлорду ишке ашырсак, анда 2025-жылы баардык сырткы карыздарды өз убагында төлөп салууга жана мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын, пенсия пособияларды эки, үч эсеге көтөрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз пайда болот.  Элдин жашоосу дароо оңоло баштайт.

Менин ушул кайрылуумдан кийин экономист-финансисттер эки жылда бюджетти беш эсеге көтөрүүгө, мигранттардын баарын кайтарып келүүгө мүмкүн эмес деп чыгышат. Албетте мүмкүн.

Эгер жалпы эл ички жана сырткы душмандардан коргоп турсаңар, мунун баарын ишке ашырып, экономикалык "чудо" жасасак болот.

Дагы бир жолу кайталайм. Эгер жалпы эл кайдыгер болбой, ар бир жасап жаткан өзгөрүүлөрдү жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууда моралдык жактан колдоп, коштоп турсаңар, эки жылда өлкөбүз өнүгүү жолуна түшүп, 7-8  жылдан кийин насыя алган эмес, насыя берген мамлекетке айланабыз. Буга толук көзүм жетет. Көзүм жетпесе айтпайт элем.

Кандай колдооңор керек болот?

Мисалы, мамлекеттин пайдасына ар кандай долбоорлор менен иш баштасаң, ал иш мите курттардын кызыкчылыгына каршы келип калышы мүмкүн. Анда алар ар кандай каршылыктарды жаратып, элге арам акчаларын төлөп берип, көчөгө чыгарып, тоскоолдук жаратышат. Кетсин деп кыйкыртышат. Мындай окуя 2011-жылы сот системасына реформа жасап баштаганымда башымдан өткөн. Ошол сыяктуу жана башка дагы толгон токой ар кандай каршылыктарды жасашат.

Дагы бир мисал, ууру чиновниктерди камасаң, алардын тарапташтары биздин баланы бошот, кайра кызматка кой деп митинге чыгышат. Ууру чиновниктер ошол эле митингке чыккан элдин өзүнө тиешелүү миллиарддаган байлыгын уурдап, анын он пайызына той өткөрүп, айлыңарга майда-чүйдө бир нерселерди жасап, жылкы союп, уча тартып койсо, этегине жүгүнүп жүрөсүңөр. Алар силердин ырыскыңарды уурдап келишкен, мындан ары да уурдай беришет. Ушуну жакшылап түшүнүшүңөр керек. Кесепети мына минтип мамлекетибиз жок болуп кетүү коркунучуна кептелип олтурат. Ошол үчүн аларды жок кылбасак мамлекетибиз өзү жок болот.

Уурулар жогорку эшелондо 150-200 адамды түзөт. Бири-бирин колдошуп, бир кызматтан айдалса экинчи кызматка өтүшүп, 28 жылдан бери айланып-тегеренип эле казнабызды соруп келе жатышат. Куда сөөк, өкүл ата, өкүл апаларга айланып, чырмалышып кетишкен. Буларды Кыргызстандын келечеги кызыктырбайт. Себеби, баарынын чет өлкөлөрдө виллалары бар. Коркунуч жаралганда чет өлкөлөргө чыгып кетишет. Коркунуч бүткөндө кайра келип, баягы эле майлуу кызматтарга орношуп, мамлекетти соро беришет. Буга эки жолку революцияда күбө болдук. Башкаруу системабызды тезинен түп тамырынан бери реформалап, булардан тазаланбасак, жакшы жашоо, күчтүү мамлекет түшүңөргө да кирбесин.

Бир коррупционерди камап койсо эле коррупциядан арылабыз деген бул жомок. Башкаруу системабыз өзү коррупциялашкан. Ошол үчүн жалпы коррупциялык системадан мамлекетибиз кутулуу үчүн, жалпыңардын моралдык колдооңор керек болот.

Эгер бийлик башына келип, ушуларды эки жылда жасай албасам, анда креслодо тырышып олтурбастан, элди аянтка өзүм чогултуп, чогулган элдин алдында кечирим сурап, башымды балтага коюп бергенге даярмын деп ант беремин. Элим жана мамлекетим үчүн башымды канжыгага байладым. Текеберлик кылгандай болбоюн. Бүгүн мен силердин колдооңорго муктаж эмесмин. Мамлекетибизди сактап калыш үчүн, ар бириңер өзүңөрдү-өзүңөр колдоого муктажсыңар. Бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы ушундай. Бүгүн президент болом деп жулунгандардын көбү мамлекетибизге чыккынчылык кылгандар. 15 жылдан бери саясатта жүрүп, алардын баарын ичинен билип калдым. Ошол үчүн мени президенттик шайлоого катыштырбай, түрмөдө кармап жатышат.

Азыр мени баатырга, улуу инсандарыбызга теңеген сөздөрүңөрдү угуп жатам. Азырынча баатырдын Б тамгасына татый элекмин. Эли ачкадан тентип жүргөн, башка өлкөлөрдүн алдында чөгөлөп турган кембагал өлкөдө баатырмын,  академикмин, доктор-профессормун деген уят. Азырынча бир да баатырыбыз элдин таламын талашып, чындыкты айтканын көрө элекмин.

Качан гана алдыга койгон максаттарыбызга жетип, Кыргызстанды кылтактан чыгарып, мигранттарды өлкөбүзгө кайтарып келип, эң кедей деген үй-бүлөөнүн ит аягы алтындан болгон заманга жеткиргенибизде гана баатыр, академик, профессор, докторбуз десеңер жарашат. Азырынча андай наамдарды айтуудан уялышыбыз керек.

Тилекке каршы он жылдан бери мамлекетти байытуу боюнча көптөгөн иш аракеттеримди мите курттар аягына чыгартышпады. Жалгыз болуп калдым. Саясатчылар эле эмес, жалпы эл да бүгүнкү күнгө чейин колдой албай турасыңар. Башка жакты айтпай эле коеюн, бир эле Кумтөрдөн миң тонна алтын чыгарып кетишти. 50 миллиард долларды түзөт. Бул сумма өзүбүздө калганда Кыргызстанды дүйнөдөгү эң алдыңкы мамлекеттердин катарына эбак эле кошуп коймокпуз.

Мага байлык керек эмес.

"Жалгыз жанын ит да багат" деген сөз бар. Анын сыңарындай бир үй-бүлөөңдү байлык топтобой эле багып койсоң болот. Байлык топтоп алып аны көрүңө көтөрө кетпейсиң. Азыркы башкаруучуларга окшоп чет өлкөлүк олигархтарга сатылып, мамлекеттин, элдин байлыгын алардын пайдасына иштетип, элди, бүтүндөй мамлекетти аларга кул кылбаймын.

Байлык-бийлик, жамандык-жакшылык, жыргалчылык-кыйынчылык, көпкөнчүлүктүн баарын басып өттүм. Балким ушунун баарын көрсүн деп, Кудай мага атайылап сыноо берди деп ойлойм?

Мага эми өлкөбүздүн эртеңи, түбөлүк бүтүндүгү, жаштарыбыздын келечеги керек. Менин да бала-чакам, небере-чөбөрөлөрүм ушул мамлекетте жашайт.  Ооба. Эгер саясатка аралашпасам мен деле силер окшоп кайдыгер жашоодо жашап жүрөт белем ким билет? Бирок, мамлекетибиз кептелген туңгуюктун баарын өз көзүм менен көрүп туруп, кантип ал туңгуюктан чыгып кетчү жолду билип туруп, дудук болуп жата албадым. Бүгүнкү башкаруу системасы боюнча мамлекетибиздин келечек тагдыры үчүн конкретно бир адам жооп бербейт. Парламент өкмөткө шылтайт, өкмөт президентке шылтайт, президент кайра парламентке шылтайт. Ошентип, 25 жылдан бери бири-бирине шылтаган айлампа башкаруу системасы менен өлкөбүз тонолуп, жардын кырына келип калганын өз көзүңөр менен көрүп турасыңар.

 

Мындан ары бир киши жоопкерчиликти өз мойнуна алып, мамлекетти кылтактан чыгарып кетпесек, кийин күнөөлүү ким экенин таппай калабыз. Тапканда деле ал убакта жазалоо маселесин биз чечпейбиз. Ошондуктан, кимде ким таза иштеймин, жемкорлукка азгырылбаймын, мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн башымды сайдым деп, ант бергенге духу жеткендер болсо, бир муштумга бириккиле! 25-мартта дал ушундай программалар менен мамлекет үчүн башымды сайып, президенттик шайлоого катышыш үчүн келе жаткан элем.  Тилекке каршы чек арадан өткөрбөй, камап коюшту. Мени камагандын эки себеби бар эле. Биринчиси, президенттик шайлоого катыштырбаш керек болчу. Экинчиси, Кумтөр жана өлкөбүздүн баардык аймактарындагы миллиарддаган кен-байлыктар ташылып бүткөнчө, тамагыбызга тыгылган сөөк болбой, түрмөдө жатсын дешти.

Бийлик эки максатын тең ишке ашырды. Президенттик шайлоого камакта жатып, катыша албадым. БШК уруксат бербеди. Өлкөбүздөгү кен-байлыктардын кору түгөндү. Азыр ушундай кыйын абалда жатсам дагы, мамлекетибиздин эртеңки келечеги кандай болот, бала-чакаларыбыз кандай өлкөдө жашайт, "мамлекети жок улут, жетим баладай" дегендей, өмүр бою кул болуп, башка өлкөлөрдө тентип калышпайбы деп, сарсанаа болуп жатамын. 

 Ата-бабаларыбыз: 

"Кыздарыбыз күң болбосун, балдарыбыз кул болбосун" дешип, биз үчүн, Ала-Тообуз үчүн канын төгүшкөн. А биз болсо урпактарыбыздын келечегин ойломок түгүл, көр оокат менен кара курсактын кулу болуп кеттик. Ала-Тообуз талкаланып бүттү. Ошондуктан, баарыңыздарга кайрыламын. Мейли ким болбо, милициясыңбы-аскерсиңби, мугалимсиңби-дарыгерсиңби же карапайым калксыңбы менин башыма балта тийбесе болду деп жата бербестен, улутуңарга карабай бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, терең ойлонгула. Эртеби-кечпи ар бириңердин башыңарга балта тиет. Анткени, Кыргызстанда баарыңардын бала-чака, небере-чөбөрөңөр жашап жатышат. Мындан ары да жашайт. Өзүңөргө баары бир болсо да ошолордун келечек жашоосу үчүн баш көтөрүп койгула.

Бир кишинин колунан эч нерсе келбейт экен. Көп түкүрсө көл болот дейт. Кеч болуп кала электе мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн, урпактардын келечеги үчүн, ар бириңер алдын-ала кам көргүлө демекчимин. Болбосо 7-8 жылдан кийин кемебиз чөгөт. Акаевчи, Бакиевчи, Атамбаевчи, "красный-чёрный" болуп бөлүнбөгүлө. Баарыңар бир кемеде экениңерди эч качан эсиңерден чыгарбагыла. Эгер ушул сөзүм дагы силерди ойготпосо, анда Кыргызстандын келечеги өлдү. Мен деле жеке кызыкчылыгымды көздөп, жата берейин.

Сиздерди терең урматтоом менен Садыр Нуркожоевич Жапаров

Август 2017-жыл

Булак: NazarNews.kg

Последние новости