www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Телефондук сүйлөшүүлөр жана социалдык тармактардагы билдирүүлөр Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери тарабынан жазылып алынууда деген сөз бул чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган мекеменден кабарлашты.
Билдирмеде айтылгандай, "УКМК бул маалыматты фейк катары баалайт. Учурда жалган кабарды тараткандарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө", — деп кабарлаган.
Эске салсак, мессенджерлерде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы 3-февралдан тарта коммуникациянын жаңы эрежелерин киргизгени тууралуу билдирүү тараган. Ага ылайык, бардык чалуулар, сүйлөшүүлөр, Whatsapp аркылуу байланышуулар жазылат. Ал эми социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүлүп турары белгиленген. Ошондой эле байланыш каражаттары тыңшоо кызматына (CDMX) кошулгандыгы айтылган.
Ошондой эле мекемеден жалган маалыматтарды тараткандарды мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралгандыгын эскертишти.
Булак: NazarNews.kg