www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынына өкмөт башчы М. Абылгазиев парламентке вице-премьер-министрдин  жана ӨКМлигинин министринин талапкерлигине Эркин Асрандиев менен Замир Аскаровду көрсөтүп, тааныштырганы алып келген болчу. Парламентте Рыскелди Момбеков Жеңиш Разаковду жана өкмөттү чек ара маселесин чече албагандыгын кескин сынга алып, “самая слабая звено Разаков” деген пикирин билдирген.

Момбеков: "Эки жылдын ичинде алмашпаган 2 эле министриңиз калыптыр  калганын баары ээрден шыпырылып, "үзөңгүдөн бут тайды, ээрден көчүк кыйшайды" дегендей ээрден шыпырылып түшүп калды. Орун алмашкан менен сумма өзгөрбөдү. Жеңиш Разаков ЕАЭБди дагы, чек араны да чече алган жок. Ал орусча куратор кыргызча кууратар да. Эки маселени, эки метрди чече албаган ал адам Баткенге байласаң да маселени чече албайт. Компетентүү адам эмес экен да, мен митингге чыгарам, сотко берем деп жүрөт”,-деп өз нааразычылыгын өкмөткө айтып алганга жетишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости