www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында соода, бизнес борборлордун, супермаркеттердин жана оюн-зоок жайларына келгендердин ден соолугун сактоо үчүн санитайзерлерди, аба тазалоочу жабдууларды орнотуу жана келгендерди жетиштүү деңгээлде дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушу берилгени айтылды. Бишкек жана Ош шаардык мэриясы бул маселени көзөмөлгө алды.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондук администрацияларга жергиликтүү деңгээлдеги бардык соода түйүндөрүн (рынокторду) туруктуу түрдө дезинфекциялоону уюштуруу жана жүргүзүү тапшырылды.

Республикалык штаб дагы бир жолу көпадамдар чогулган кандайдыр бир иш-чараларды өткөрбөй туруу тажрыйбасын дүйнөдөгү көп өлкөлөр колдонуп жатканын, ал тургай айрым мамлекеттер мыйзам менен чектөө киргизгенин эскертүү менен, топтолгон эл катышкан иш-чараларды жакынкы арада өткөрбөй турууну катуу эскертет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости