www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын Альборз борбордук провинциясында коронавирустун дарысы деп алмаштырып, метил спиртин ичип алган 7 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жергиликтүү прокуратуранын өкүлү Мохаммад Агаяринин сөзүнө таянып, билдиришти.
“Провинцияда жети адам алкогол ичкени үчүн каза тапты. Алар интернеттеги маалыматка таянып, коронавируска жардам берет деп метил спритин ичишкен”,-дейт Мохаммад Агаяри.
Ирандын бийлиги акыркы жумада өлкөдө коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында метил спиртин өндүрө баштаган.
Метанолду бардык ирандык дүкөндөрдөн сатып алсаң болот. Башка суусундуктардан алмаштырбоо үчүн эреже боюнча анын сырты саргылт түскө боёлгон.
Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 19-февралда өлкөдө биринчи коронавирус катталгандыгы тууралуу маалымат берген. Жуктургандар Кум шаарынан чыккан.
Акыркы маалыматтарка таянсак, аталган өлкөдө жуктургандардын саны 6566ге жеткен.
Булак : NazarNews.kg